Жалал-Абад шаарындагы жол кырсыгынан 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болду

Жалал-Абад шаарындагы жол кырсыгынан 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 15:30 чамасында Шор-Булак тилкесинде Audi жана Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада кырсык болгон жерден 1 адам каза болуп, 3 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

"Окуя болгон жерге ӨКМнын 58-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, жаракат алган 2 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Каза болгон жана жабыркаган адамдар медициналык "Тез жардам" кызматы тарабынан Жалал-Абад облустук ооруканасына жеткирилишкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан