Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Базар-Коргон районунда өрт кырсыгы катталды. Анда Базар-Коргон айылындагы эски Жалал-Абад унаа жолунун боюнда жайгашкан дүкөндүн 8 чарчы метр жыгач устундуу, шифер менен жабылган чатыры, муздаткыч жана азык-түлүктөр күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.