Түркиянын Ван аймагында катуу жардыруу болуп, 48 адам ар түрдүү жаракаттарды алды

Түркиянын Ван аймагында катуу жардыруу болуп, 48 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардыруу кечээ, 12-сентябрда өлкөнүн чыгыш тарабында жайгашкан Ван аймагында орун алган. Анда провинциянын башкармалыгынан 200 метр алыстыкта токтотулган унаа жарылган. Жалпы 48 адам жабыркап, алардын ичинен экөө полиция кызматкери экени айтылууда.

“Жабыркагандардын ичинен эки адамдын абалы оор. Жардыруу “Акыйкат жана өнүгүү” партиясынын аймактык бөлүмү жайгашкан имараттын жанында болгон. Жарылуу болгон аймактагы турак жайлардын айнектери да талкаланды”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aygir
2016-09-13 10:17:44
Саваш мн Ясмин тирүү бекен байкуштар.
+3
ALATOOLUK.JIGIT
2016-09-13 10:25:24
Биздин туугандардын аймагында болуптур,Рахманкул хандын эли тынч болсо экен.
+1
Rifle_S
2016-09-13 11:07:17
Туркия ИГИЛге тийишип алды бекен ? Же еврейлерге баш ийбей жатабы ?
+2
realmadrid32
2016-09-13 11:42:54
Россия м-н азылдашпаш керек (Украина2015)
0
Urmat_83
2016-09-13 12:28:27
realmadrid32,Чек арасына учуп кирип барса карап жатсынбы атат да
+3
Nur1k
2016-09-13 15:44:34
realmadrid32, алар намыстанат бизге окшош эмес кирип келсе деле ун катпай жата бербейт.
0
Nur1k
2016-09-13 15:43:21
Турк туугандарга кыйын болду. Эрдоган кучтуу, акылдуу президент деп ишенем. Турк туугандарга Аллах жардам берсин. Сирияга айланайын деп калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан