Бишкекте жаш кыздардан акча чогултуп жүргөн айым кармалып, сурак берүүдө
Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине арыз менен 2 жаран кайрылган. Арызда кайрылгандардын кыздарынан 500 сомдон Элина аттуу кыз акча чогултуп алганы жазылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Аймактык инспекторлор тарабынан тоноого шектелип 1997-жылы туулган З.Элина кармалып, учурда сурак берүүдө.