Кемин районунда күйүүчү майды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты

Өткөн суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кемин районунда “Кемин-Нефть” күйүүчү майды кайра иштетүүчү заводунда өрт чыкты. Анда болжол менен 1 тоннадай май куюлган 4 темир челектин сырткы беттери жана 400 чарчы метр жерге төгүлгөн иштетиле турган күйүүчү май күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан