Бишкекте түндөгү сууктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER,KG`ге "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза тапкан жарандардын баары туруктуу жашаган жери жок адамдар болгон.
Катуу суук түшкөнүнө байланыштуу борбордо туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн “Коломто” кайрымдуулук үйү иш алып барууда. Андан сырткары Свердлов жана Октябрь районунун аймагында да селсаяктар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылган.