Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоо текенин этин алып бараткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, инспекциянын Нарын аймактар аралык башкармалыгынын инспекторлору жана Борбордук аппараттын кызматкерлери жаратылыш ресурстарын коргоо максатында 18-октябрдан 19-октябрга караган түнү иш сапарга чыгышкан. Рейд учурунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнөн ВАЗ-2107 Лада үлгүсүндөгү жеңил автоунаа токтотулган.
"Текшерүү жүргүзүлгөн маалда тоо текенин эти табылып, унаанын ээсине 55 миң сом доо коюлуп, толугу менен өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, тоо текелерге аңчылык кылууга тыюу салынган.