Гарри Гудини акылдан адаштырган трюктары менен элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп, тирүү кезинде эле чыныгы легендага айланган. Ал 10 жашынан тартып бул тармакка аралашып, коомчулукка талантын тартуулай баштаган.
Гарри Гудини 1926-жылдын 21-октябрында Монреалдагы гастролу учурунда гримдөөчү бөлмөдө эс алып жатканда жанына 3 студент келет. Алардын бири мектебинде бокс боюнча чемпион болгон. Студент-мушкер көз боёочудан “Ичиңизге күчтүү соккулар менен муштасам, ооруну сезбей канчага чейин чыдай аласыз?" деп сураган. Гудини анын сөздөрүнө көп көңүл бурбай башын ийкеп койгондо студент көз боёочунун ичине 2-3 жолу урган. Гудини даяр эмес экенин айтып мушкерди токтотуп, даярданып туруп, "эми муштай берсең болот" дегенде студент дагы бир жолу күчтүү сокку узатып көрүп, достору менен кетип калган. Бул соккудан кийин көз боёочу ооруп калган ичин жөн гана сылап койгон.
Гарри Гудини алгач оорусуна көңүл бөлгөн эмес. 24-октябрда Детройт шаарындагы ооруканага барып, 10 күндөн кийин, 52 жашында каза болгон. Дарыгерлер анын диагнозу сокур ичегисинин сезгенүүсү экенин айтышкан. Анын денеси өзүнүн фокустары учурунда колдонгон коло кутучасына салынып жерге берилген.