Ирактын түндүгүндөгү жардыруудан улам 16 адам курман болду

Ирактын түндүгүндөгү Киркук провинциясында жардыруу болуп, 16 адам курман болду. Каза болгондордун арасында Ирак жана Ирандын жарандары бар. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда окуя бүгүн, 21-октябрда болгон.

Куралчан 3 жан кечти-согушкер Ирактын түндүгүндө курулган электр станциясына кол салышкан. Кол салуусу ийгиликсиз болуп калганда экөө өздөрүн жардырышкан. Коопсуздук кызматкерлери 1 террористти жок кылууга жетишкен. Окуяга күбө болгондордун айтымында, бүгүн шаардагы өкмөттүк имараттарда мындан тышкары бир нече жардыруу жана атышуу болгон", - деп жазылат маалыматта. Ошондой эле акыркы маалыматтарга таянсак, аталган жардырууну "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу мойнуна алгандыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2016-10-21 15:53:26
Ислам мамлекети деп евйрейлер айтып койду. Алар ислам менен жашаган болгондо мындай жардыруулар болбойт эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан