Борбор калаада дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр изделүүдө

Борбор калаада дайынсыз жоголгон өспүрүмдөр изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы туулган Максат Мундузбаев жана Кудурет Жунусов 9-октябрь күнү саат 13:00 чамасында борбордогу Менделеев көчөсүндө жайгашкан үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болушууда.

Максат Мундузбаевдин бою 150-155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, чачы кыска, кара түстө. Ошол күнү боз түстөгү футболка, спорттук көк шым, кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Кудурет Жунусовдун бою150-155 сантиметр, көзү, чачы кара түстө. Өзгөчө белгилери: оң колунун сөөмөйү күйүктөн улам бүгүлүү, башында тырыгы бар. Ошол күнү боз түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү спорттук шым кийип жүргөн.

Эгер бул балдарды көрүп-билгендер болсо, (0312) 56-44-02, (0554) 10-21-48, (0554) 10-21-47, (0553) 10-28-39, (0550) 10-22-38 же 102 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chon.alai.
2016-10-21 15:51:47
тентектер табылып калсын эми
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан