Кочкор районунда "2 жана 3 жаштагы кыздарды тумчуктуруп өлтүргөн" деген шек менен кыздардын 30 жаштагы энеси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 16-октябрда Чекилдек айылында орун алган. Анда милицияга аталган айылдагы үйлөрдүн биринде 2013, 2014-жылы туулган кыздар каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алгач кыздардын апасы алар ооруп калып, дары бергенин билдирген. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыздар асфиксиядан (тумчугуудан) каза болгон.
"Учурда ар кандай версиялар айтылууда. Бир версия боюнча, кыздардын энеси психикалык жактан жабыркачу, ал кыздарын тумчуктуруп өлтүрүп койгон. Экинчи версия боюнча, кыздар дары ичип уктап, ойгонбой калышкан", - деди жергиликтүү тургун.