Кочкор районунда 2 кызын өлтүрүүгө шектелип кармалган аял психикалык жактан жабыркап, каттоодо турган

Кочкор районунда 2 кызын өлтүрүүгө шектелип кармалган аял психикалык жактан жабыркап, каттоодо турган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары кармалган 1986-жылы туулган К.А. психикалык жактан жабыркап, ооруканада каттоодо турган.

"16-октябрь күнү саат 12:00 чамасында милицияга медициналык кызматкерлерден Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылындагы үйлөрдүн биринен 2013-жылы туулган Эльвира жана 2014-жылы туулган Раяна аттуу кыздардын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлерге кыздардын энеси 15-октябрь күнү кечинде кыздарын жуунтуп, сасык тумоого каршы дары бергенин жана эртең менен кыздары ойгонбой калганын билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү кыздарына полиэтилен баштыгын кийгизип, тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган. Кийин окуяны жашыруу максатында кыздардын энеси эртең менен үйүнө тууганын чакырып, кыздар оорудан улам каза болгонун айткан. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти ИИМден.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундардын бири окуя тууралуу айылда ар кандай версиялар айтылып жатканын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Qnet
2016-10-21 17:28:04
Атасы кайда экен ал кыздардын?Кудай сактасын мындай илдеттен!Оорукчан аялга 2 кызды кантип каратып койушту ата энеси куйоосу туугандары?
+8
kirgizstan
2016-10-21 17:44:20
Соо адам калдыбы кыргызстанда баары эле психика жактан оорулуу же каттуу оорулуу олум алдында экен деп эле женилдик беребербей каттуу жазаласа кичине адамдар ойлонушмак.
+6
Akmaral89
2016-10-21 18:09:45
Кудай сактай гор
+1
simone
2016-10-21 18:41:09
Эээ Аллах озун сабыр бере кор! Мен деле 3баламы жалгыз бой багып келем 5жылдан бери. Эркектерге айтарым ажырашсанар да балдарынардан кабар алгыла, материалдык жардам бергиле.
+3
Komrad
2016-10-21 18:49:44
Көп жаңылыктардан коркчу эмесмин. Бул окуяга жүрөк "шуу" деп кетти. Жаш ымыркайларга боорум ооруду, аттиң, арман! Кандай гана мыкаачылык, эң жакын ишенген адамы ушундай ишке кинодогудай барыптыр. Коом тазаланыш керек, аң сезим тазаланыш, дарыланыш керек болуп калды. Мындай кылмыштар көп жылдык жыйынтыктар.
+1
Bolunbo.kyrgyz
2016-10-21 19:30:59
Депутаттардан жукту да соттойбуз десе эле кокуй бул оору дешип
-1
color-style
2016-10-21 20:03:37
ой тобба... а кыргызстанда соцопеки деген барбы ? баланы ушундай ата энелерде ажырата турган организациябы, уюмбу барбы? Тугандар негизи алдын алыш кк болчу,премерибиз айтмакчы кыш мындай болот деп ойлободук эле дебей
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан