Кочкор районунда 2 кызын өлтүрүүгө шектелип кармалган аял күйөөсү менен ажырашып кеткен

Кочкор районунда 2 кызын өлтүрүүгө шектелип кармалган аял күйөөсү менен ажырашып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.

"Кичинекей наристелерин өлтүрүүгө шектелип кармалган аял күйөөсү менен ажырашып кеткен экен. Каза болгон кыздарынан сырткары башталгыч класста окуган дагы бир кызы бар. Аларды жалгыз тарбиялап келген. Кыздарын өлтүргөн учурда үйүндө эч ким болгон эмес, ал эми улуусу мектепте болгон. Кылмышка шектүү кыздарын 15-октябрь күнү тумчуктуруп, эртеси күнү тууганына барып, кыздары оорудан улам каза болуп калганын билдирген", - деди Осмонбаев.

Эскерте кетсек, 16-октябрь күнү саат 12:00 чамасында милицияга медициналык кызматкерлерден Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылындагы үйлөрдүн биринен 2013-жылы туулган Эльвира жана 2014-жылы туулган Раяна аттуу кыздардын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында 30 жаштагы К.А. аттуу кыздардын энеси аларды пакет менен тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Baty2005
2016-10-21 18:36:49
ар бир Адам оз ырыскысы менен тууларын унутпагылачы туугандар
+5
killer5
2016-10-21 23:57:48
жаш балдар 2-3 жашында оссобенно кыздар абдан ширин болушатко? Ушул кыздарды багалбай калды деген создон уялдыбы-же не, вообще мээм глюк болуп калды.
Кыздар ай кыздар ай. Жолдошунун да куноосуго ушул даражага жеткирген.
+1
nazi8889
2016-10-21 19:32:31
тобоо кылдым кудай сактасын ушундай нерседен
+5
Gul14kA
2016-10-21 19:44:37
Оз жанынан, оз канынан жаралган кыздарын, оз колу менен кантип гана олтурду я? Ушундай акмактар кобойгондон,кобойуудо. Эне деген мээримдуу,боорукер, деги эле аял заты назик болот дегенибиз менен кээ бир аялзатынын акылга сыйбаган жооруктары журок оорутуп,баардык аялзатынын намысына шек келтиришуудо."Бир карын майды,бир кумалак чиритет" деп бекеринен айтылбаптыр да. Байкуш, бейкуноо наристелер! Бала жытына мас болуп, бала коро албай жургондор канча. "Бироого кор, бироого тар дунуй
+6
mongol6
2016-10-21 19:53:53
Айбан да мындай ишке барбайт.Байкуш наристелерде не куно?Багалбаса балдар уйуно бербейт беле?Атасы Эми учунчу кызын озуно алса болду?
+2
_PeriWa_
2016-10-21 21:15:15
Кантип э кантип пакет кийгизди кантип барды колу ошого кантип чыдады айбанчылык э керек болсо айбандар да балдарын калкалайт э эмне дешин да билбейсин
+3
Bubu88
2016-10-21 21:56:24
Акыл эси соо эмес го болбосо кантип өлтүрөт өз кыздарын эмнеси болсо да кудай сактасын тообо кылалы
+2
Bubu88
2016-10-21 21:57:09
Дагы эч нерсе болбогондой ажырашып кеткенин кара
+1
Aida001
2016-10-21 22:29:01
Тооба кылдым.Акыркы кундору шумдуктуудай эле окуялар болуп жатат.Эмне дешимди да билбей калдым.Кудай сактасын.
+3
Zaika4
2016-10-21 23:16:33
Бул аял оорулууго бир аз.
+1
Mystery
2016-10-22 01:06:44
Жон гана жашоонун депрессиясынын айынан психикалык жактан жабыркап оорукчан болсо керек. Нормальный адам антпейт да.
+2
gulperi.kg
2016-10-22 05:25:10
Кудайым ай бул не деген жорук оз баласын олтургон.Кандай энени башына келет оз баласын олтурууго.
+1
MiraRose
2016-10-22 07:32:29
Бироого зар бала Бироого кор бала деген оно да.менин байкем кырктан ашты балалуу бололбайтат.кайын синдим барбаган жери калбады акырында ЭКО да кылды, болбоду эми дагы кылган атат
+1
take19
2016-10-22 19:27:04
Айбанат эне да мындай кылбайт. Эшек да такайын коргойт. Эне болгондон айлансын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан