5 сутка камала турган адамды бошотуп жиберген милиция кызматкерине иш козголду

Сот чечимине байланыштуу 5 сутка камалышы керек болгон адамды бошотуп жиберген милиция кызматкерине Башкы прокуратура иш козгоду. Ички иштер министрлиги 22-октябрда билдиргендей, 2016-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарынан мас абалында унаа айдап бараткан айдоочу кармалган. Бишкек шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, административдик жоопкерчиликке тарткан. Тагыраагы, 5 сутка камакка алуу чечимин чыгарган. Аны сот залынан коштоп чыккан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кабыл алып-бөлүштүрүү жайынын кызматкери жолдо баратып камалышы керек болгон адамды коё берген. Сот чечими аткарылган эмес. Мекеме кызматкери "жеке капчыгын толтуруу максатында ыйгарым укуктарынан аша чапкан" деп айыпталууда. Бул факт менен Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы алектенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Artur555
2016-10-22 09:20:24
Албетте милиция кылмышкерден пара алгандан кийин бошотот да. Кайра Кылмышкерге Милицияны кошуп камаш керек!
+8
Arlenchik
2016-10-22 09:34:24
Башкаларга да сабак болсун катуу жаза бериш керек, андайлардын далайын кылып журуп конушконда, берки ичкенин болсо айдоочулук укуктан ажыратып салыш керек,ушундай мыйзам кабыл алынса жакшы болмок, ичип алып айдагандарга жана жол эрежесин одоно бузгандарга.
+4
ozgeldi
2016-10-22 12:19:35
Азыр сот чечпей эле акча кылмышты чечип калган
+6
chon.alai.
2016-10-22 12:32:55
ушул менттер жаман коптуда оз билгенин кылып.шумшуктор
+9
Akmaral89
2016-10-22 14:36:10
Чынында кылмыш керлер да ойлонуп иш кылат да тоок мээдей болгон милицялардын оозуна акча тыкса оозу жабылат да аны баары билет кандай тупой экенин, катык тийген болсо кечиресиздер проста ичин ачышат экен ушуларды окуп, горуп алып бизде чын дилден кыргызстаным деп иштеген адам бар бекен?
-4
Elmar
2016-10-22 18:22:07
Омурунун айагына чейин соттолгон Азиз Батукаевди койбергендерге ким козгойт ишти (((бул Адам беш эле кунго экенгоооо...
+3
Beko87
2016-10-22 22:20:18
Милицияга берип сотко бербей койдуда ошого ушундай ызычуу)))
+2
ainura220888
2016-10-22 23:12:17
Калп эле отчет бере беришет кылган иштеринин аты жок ментердин. Батукаевди эл унутуп калды ак кан экен деп эптеп суудан кургак чыгып кетти. Бул беш сутка эле экенго кайра камайт алы жететда буга.
+1
AksyKoitash1985
2016-10-23 13:12:09
Азыр жогорку кенеште айрым депуттатар сотторго ачык эле айтышып атпайбы силерге эл ишенбейт деп,ошого иштемиш эткениго.Чынында акыйкаттык жок.Сотторубуздун иштери мисалы жонокой карапайым адам тоок урдап же бирнерсе кылып кармалса аларлы чон кылмышкердей жарыйалап 5.6жылга чыркыратып гезип ирет.Ал эми тиги нарынбайаев озу сот жагында иштеген мурун анан ак уйдо иштеп милиондогон параларды алып жатса аны 3 жылга ага ортомчу болгон коркмазовту 1жылга гести .Эми гим ишенет сотторго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан