Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 22-октябрда саат 08:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге окуянын күбөсү билдирди. Анын айтымында, алар келе жаткан унаа катуу ылдамдыкта жүрүп баратып кырсыкка учураган. Оор жаракат алгандар жок.

"Биз Хонда унаасында келе жатканбыз. Айдоочу катуу ылдамдыкта айдап, жол да тайгак болгондуктан унаа тайгаланып, каптал жактагы Тойота үлгүсүндөгү унааны сүзүп алды. Жаракат алган эки адамды машинасына салып бараткан айдоочу да талды сүзүп, эки-үч оодарылып, анан токтоптур. Жабыркагандар учурда Токтогул райондук ооруканасында. Баарынын абалы жакшы", - дейт окуянын күбөсү.

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
adi.ali94
2016-10-22 20:31:24
Абайлап жүргүлө урматтуу айдоочулар!!!
+18
batkendik.18
2016-10-22 20:40:48
Шашкан шайтандын иши дейтко секин айдагылааа
+10
Aygir
2016-10-22 20:46:31
Хонда Степ вагон бул машинаны Япония бизге Кыргыз калкын азайтуу максатында чыгарган го.
+15
azamat.k
2016-10-22 20:51:43
Бугун эртен менен мен да келдим,кечээ туну суусамырда бир мазда ала салган эле копчулук адамдар топтолуп чыгарып бердик которуп.Келе жатып Токтогулдан откондо бир Степ жаш торпокту олтуро сузуп алды,бечара торпок жаш кетти Степ катуу жабыркады.Ошондуктан абайлагыла.Суперге дагы коп жанылык жиберген элем Тоо ашуудакы пробка жонундо суроту менен,Бекжан братишка чыгарбай койду тааныш жок.
+12
TIMON_BERKOWITZ
2016-10-23 11:43:43
azamat.k, жанылыктар дагы бюрократия болуп кетишиптирби а?))))))))))0
+4
Dadil
2016-10-22 20:52:36
Емнеге катуу айдайт жол тайгалак болсо
+4
Er-jurok.
2016-10-22 21:02:01
Мен да көп жүрөм бул жолдо.Степ айдагандар оңолбойт экенсиңер да.
+13
chon.alai.
2016-10-22 21:18:06
картошка шопурлар арт жагынарды кыссып акырын айдасанар болбойбу
+15
Aydina
2016-10-22 22:43:18
Азыр бир жолго чыккандан да коркосун адам. Айдоочуларга ишенич жок,акырын айда баратурган жерине жарым саат мурун болбосо, жарым саат кийин жетээрсин? Сабырдуу болгула!
+5
Talantbek1994
2016-10-22 23:32:59
Азыркы учурда баары эле правасын сатып алып жатпайбы. Права алардын алдында 2 3 ай окутуп жол эрежелерин бүт үйрөтүп, кайсы жолдо кайсы ылдамдыкта айдоо керектигин ар бир адам билгенде ушундай кырсыктар болмок эмес беле деген ой келетта
+6
tin4a
2016-10-23 01:01:30
Акча деп олот да таксистер,айрыкча степ айдагандар.Бироого акыл уйротуп кремльден суйлошот.Суусамыр кийинчереек мурзого айланат окшойт.
+7
Uragan07
2016-10-23 07:31:36
Степ минген шаферлор баары бир мектепти буткондой катуу айдашат. Акырын айдаган степ жок.
+6
Riokyrgyz
2016-10-23 08:03:41
Uragan07,мектепти буткондор катуу айдашат бекен.же бир мектептен жалан степти катуу айдагандарды чыгарат бекен.Хехе тушунбой калдым.кайталап коёсузбу.
-7
vano1981
2016-10-23 09:08:06
Кудай ар бирибизди кырсыктан алыс кылсын.сактанганды сактайт деген да соз бар
+2
TIMON_BERKOWITZ
2016-10-23 11:41:37
"Жабыркагандардын арасында мен да бармын" Эркек болсон эркекче тур дагы, жоно уйуно. Суротко тартканга жетишкенине караганда, анча жаракат алган эмессин. Ооруканага жатып алганына караганда олумуш болуп алыпсын. Жабыркагандардын арасына кошулуп алганына караганда бир нерсе умуттонуп атасын...БИРОК!
Мунун баары Алла Талладан. Сенин башына тушкон таш, башканын башына тушпойт - эгерде Аллах каалабаса. тагдырдын эсебинен чонток толтурмай куноо болот деп ойлойм.
0
swabs
2016-10-23 13:44:08
TIMON_BERKOWITZ,Эламан тиги стептин айнегинен чыгып кетиптир аны балдар которуп барып машинага салышты суротту башка бироо тарткан..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан