
Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы Бишкектин Достук кичи районунда кылмышкер
Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында жардыруудан каза болгон ИИМдин кызматкери
Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөн. Коштошуу зыйнатында премьер-министр
Темир Сариев чыгып сүйлөп, Исмаиловдун жакындарына президенттин фондунан 1 миллион сом жана 3 бөлмөлүү батир бериле турганын айткан. Ал эми ички иштер министри
Мелис Турганбаев өз сөзүндө Исмаилов кылмышкерди кармоодо өз жанын аябай төшүн окко тосконун айтып, анын бул эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгилеген.
Милициянын капитаны Исмаилов Төлөбек Эсенбекович 1978-жылы Нарын облусунда туулган. Ал ички иштер органдарында 14 жылдан ашык кызмат кылып, 2006-жылы Эрдик медалын алган. ИИМдин жана УКМКнын сыйлыктарын жана башка 34 сыйлык алган. Кылмышкерлерди кармоо боюнча бир нече операцияга катышкан. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.