Москва шаарында Кыргыз Республикасынын 3 жараны уурулукка шектелип кармалды

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын 3 жараны уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-октябрь күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 25 жаштагы К.М. аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны арыз менен кайрылган. Анда ал түн ичинде белгисиз үч адам Жогорку Красносельская көчөсүндөгү батиринде сабап, жалпы баасы 72 миң рублга жакын буюмдарын алып кетишкенин билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы Б.Э., 19 жаштагы А.Н. жана 21 жаштагы Т.Б. аттуу тургундары кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
leilekstan_1987
2016-10-25 17:24:54
А.Б м.н Т.Б К.М.ны сабап салыптыр.да все ясно )))
+5
adimyrza
2016-10-25 17:44:22
Жок дегенде фамилиясын же атын толук эле жаза бербейсинерби эми К,П Т С дейбербей
+8
Arslan12
2016-10-25 18:00:18
Ушуга окшогон черный соройлор жаман куйдурду атын атап айылында ата-энесин аксакалдар сотуна салыш керек жаш эле балдар-кыздар жаман жака кетип жатышат, мындай боло берсе кайда барабыз булар да эртен ата болушат, атасын кылган кылыгын коргон бала эмне болот!
+3
kalima88
2016-10-25 18:14:55
Б.Э, А.Н жана Т.Б олот экенсинер эми , тынч эле журбопсунор да ...)))
+2
Rahim76
2016-10-25 19:19:53
Кандай тушунбойсунор.Кылмыштын бетин ачкыча,кылмышкердин атын атаганга Кылмыш кодексинде туура келбейт.Закон ушундай.
Анан уйунордун ичинде бекинип отуруп алып,жумурткасын кесип салам,ж б дей бербегиле.Колунан келбегенден кийин.
Баш кесерди уктум.Жумуртка кесерди кыргыздан биринчи угушум.Мен бул менен кылмышкерлерди коргоп жатканым жок.Жазасын закондуу турдо алсын,кыргыз кыргызга кучун чыгарбай.
+1
maks123
2016-10-25 20:21:04
Rahim76,
Эн туура
0
Medina87
2016-10-25 21:34:56
Кармалган балдардын бироо тааныштарымдын иниси экен. Айтуусуна караганда арыз берген жигит аларды стройкага жумушка чакырып иштетип акчасын бербегендиктен ал учоо анын заттарын алып коюптур. Арызданган жигит жалаакорлук кылып жатат деп таанышым ыйлактап атат эле.
+2
AIZAD
2016-10-25 22:42:11
Medina87,тартып албай эле арыз жазса болмок экен анда, " ууру куч болсо , ээсине доо артат "-беле?
0
Medina87
2016-10-25 22:57:31
AIZAD,
Иштеген акыларын ала албай калып кызуу кандуулукка алдырышканына оздору да окунуп жатыптыр. Сиз айткандай"Уурусу кучтуулук" этип жатат бул жерде ээх..
0
Medina87
2016-10-25 22:59:32
Жат элде, жат жерде оз жердештертерине карасанагандарга Кудайдын жазасы бардыр...
0
admin_portal
2016-10-26 12:22:52
Nasyrkg,порталдыын эрежелерин сактаңыз! Эскертүү! Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
0
Kroxa
2016-10-27 09:30:33
Кармалып калаарын билишет да тигил ээси баары бир тааныйт эми куурайсынар го лучше без денег калсанар да ботонэлде бироого кол салбагыла!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан