Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Нарын шаарында жол кырсыгы катталган. Белек Төлөбек уулунун айтымында, анын башкаруусундагы унааны Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын капитаны Нурбек Абеков Пассат Б5 үлгүсүндөгү унаасы менен капталга сүзүп, андан соң качып кеткен.
“Жол кырсыгынын кесепетинен менин жанымда отурган Мырзабек Кубанычбек уулунун оң буту төрт жеринен сынган. Окуя болгон күнү Нурбек Абеков качып баратып мектеп окуучусун да чала сүзүп кеткен, бирок учурда ал жоопкерчиликтен качууда. Окуучунун ата-энесин коркутуп, оозун жаап койгон. Мырзабек Кубанычбек уулунун туугандары аны менен сүйлөшкөндө “күбөңөр жок, далилдей албайсыңар” деген. Адам өмүрүнө коркунуч жараткан милиция кызматкери жазага тартылышы керек. Ошол күнү унаасындагы кабырылган жерлерди сүрөткө тартып алгам, кийин түнү менен түздөтүп коюптур”, - дейт Белек Төлөбек уулу.