1990-жылдын 27-октябрында Армениянын Ереван шаарында парламенттик отурум өтүп жаткан учурда куралчан адамдардын тобу кирип барып, автоматтардан ок чыгарышкан. Жыйынтыгында өлкөнүн премьер-министри Вазген Саркисян, парламенттин спикери Карен Демирчян, вице-спикерлер Юрий Бахшян жана Рубен Мироян, мамлекеттин оперативдик маселелер боюнча министри Леонард Петросян, депутаттар Генрих Абрамян, Арменак Арменакян жана Микаэл Котанян каза болушкан. Калганы ар кандай жаракаттарды алып, жабыркашкан.
Террорчуларга карата сот иши 2001-жылдан 2003-жылга чейин уланган. Арменияда 2003-жылдын сентябрь айында өлүм жазасына тартуу жокко чыгарылгандыктан, кылмышкерлерге жазалоонун бул түрү колдонулбай калган. Террордук топтун башчысы Наири Унанян, анын бир тууганы Карен Унанян, алардын тууганы Врам Галстян, Дереник Беджанян, Эдик Григорян жана Ашот Князян өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Гамлет Степанян 14 жылга соттолгон.
Жыл сайын 27-октябрда Арменияда 1999-жылы террорук актыда курман болгондорду эскерүү күнү белгиленет.
27-октябрга карата жылнаама.