Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, милицияга Чаек айылынын 54 жаштагы О.Ф. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнө кирип, 15 миң сомун уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы И.О. Бишкектен кармалган. Ал ушул сыяктуу башка кылмыштарга да шектелүүдө. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.