Нарын облусунда 2,5 килограммдан ашык маңзат сатууга камынып жаткан жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-октябрь күнү саат 10:00 чамасында Жумгал районунун Өрнөк айылында Субару Форестер унаасы токтотулган. Унаанын ичинде 1990-жылы туулган У.М., 1984-жылы туулган С.Э., 1974-жылы туулган Р.М. жана 1981-жылы туулган Н.М. болгон. Унааны текшерүү учурунда 2 килограмм 515 грамм гашиш табылган. Кармалган жарандар аталган маңзатты сатууга камынып жатышкан.
Учурда кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.