Сузакта кар көчкү алдында калган мергенчинин жансыз денеси табылды (фото)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын тургуну, 1968-жылы туулган Сагын Тапаев Жалал-Абад шаарынан 96 чакырым алыстыктагы Көк-Зоо аймагында мергенчилик кылып жүрүп кар көчкү алдында калган. Ошол учурда анын жанында дагы эки мергенчи болгон, бирок алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

"Окуя кечээ, 27-октябрь күнү 15:30 чамасында болгон. Бүгүн издөө иштерине жалпы 13 адам чыгып, саат 11:00дө Сагын Тапаевдин жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Emil0211
2016-10-28 22:20:39
Жаткан жерин жайлуу болсун,Сагынтай аке.Жараткан сага акыретте Бейиш насип кылсын.Туугандарына, жердештериме сабыр кылгыла дейбиз
+3
Janyshnovos90
2016-10-28 22:35:58
Жаткан жериниз жайлуу болсун
+2
CaPyyMyH
2016-10-30 07:18:42
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!жакшы адам еле.жакшы тааныштардан элек.жакындарына кайрат берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан