Бишкекте бүгүн, 31-октябрда саат 8:20 чамасында 1999-жылы чыккан Тойота үлгүсүндөгү "Тез жардам" кызматынын автоунаасында электр зымдарынын биригүүсүнөн улам өрт чыккан. Бул тууралуу Бишкектин Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, автоунаанын айдоочусу ошол замат өрттү өчүрүүгө жетишкен. Жыйынтыгында айдоочунун колунун өтө чоң эмес жери күйүп, ага окуя болгон жерден алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
"Мындай автоунаалардын партиясы Япониянын өкмөтүнүн гранты менен келген. Алардын ичинен 2 унаа эсептен чыгарылса, 14 унаа учурда линияга чыгып жатат. Аталган кырсыкка автоунаанын мөөнөтүнүн өтүп баратканы себеп болгон. Буга чейин 2010-жылы эки жолу ушундай окуя катталган", - деп билдиришти Саламаттыкты сактоо департаментинен.