Манас районундагы өрттөн эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат бүгүн түнү саат 00:20 чамасында келип түшкөн.
“Үч-Коргон айылынын Шарип аке көчөсүндө жыгач устундуу, темир менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерден 2 адамдын күйүп калган жансыз денеси табылган. Учурда каза болгондордун аты-жөнү жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.