31-октябрда Бишкек шаарынын 3-кичи районунда ырчы Кудайберди Айтбосуновдун унаасынан уурулар баалуу буюмдарын жана акчасын алып кетишкен. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына кабарлады.
"31-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында унаамды үйдүн алдына токтотком. Эртең менен саат жетиде турсам машина толугу менен ачык, терезелери талкаланган экен. Ичинен баалуу дублёнка, көп суммадагы акча, ноутбук, микрофон, жадакалса атырымды дагы уурдап кетишиптир", - дейт ырчы.
Ошондой эле жабырлануучу милицияга арыз жазганын билдирип, учурда кеткен чыгымдар эсептелип жатканын кошумчалады.
Кудайберди Айтбосунов "Таптым", "Кыргызстан", "Айдайым" жана башка ырлары менен таанымал.
Эскерте кетсек, буга чейин маданият өкүлдөрүнөн КРнын Эл артисти Саламат Садыкованын үйүнө уурулар кирип, 30 миң доллар акчасын алып кетишкен. Ошондой эле уурулар ырчы Анжеликанын да унаасынын терезесин сындырып, баалуу буюмдарын жана чачтарачка керектүү буюмдарын алып кетишкен.