Өткөн суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Ата районуна караштуу Карагай-Булак айылында өрт кырсыгы катталды. Анда Арашан көчөсүндө ачык аянтта жыйылып турган 4 миң түк чөп күйүп кетти. Учурда келтирилген чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.