Мындан 7 жыл мурун, 2-ноябрда Пакистандын Равалпинди шаарында көчөдө жан кечти өзүн жардырып, 40тан ушуун адам курман болуп, 60тан ашуун адам ар кандай даражадагы жаракаттарды алган.
Жардыруу “Шалимар” деген 4 жылдыздуу мейманканадан, банктан жана пакистандык армиянын штабынан алыс эмес жерде болгон. Окуя болгондон бир ай мурда пакистандык армиянын штабына да террорчулар чабуул коюшкан. Жардырууну уюштурган жан кечти-террорчу жардыргыч затты 2 дөңгөлөктүү транспорт каражатында иштеткен. Пакистандын укук коргоо органдары ошол мезгилдеги террордук активдүүлүктүн өсүшүн экстремисттер - талибдердин ишмердүүлүгү менен байланыштырышкан. Жардыруу болгон күнү Пакистандын Лахора шаарында дагы террордук акт болуп, 15 адам жабыркаган.
2-ноябрга карата жылнаама.