Жол кырсыгына кабылып, баса албай калган 29 жаштагы Абдыкалык Маматовго байланышкан соттук отурум кийинкиге жылдырылды

Жол кырсыгына кабылып, баса албай калган 29 жаштагы Абдыкалык Маматовго байланышкан соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Абдыкалык Маматов өзү 2-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.

"2015-жылдын 19-ноябрындагы жол кырсыгына байланыштуу соттук отурум кийинкиге жылды. Окуянын болгонуна 1 жыл болду. Соттук отурумга бул жолу күнөөлүү тараптын жактоочусу менен айдоочу В.Кравченко келбей калышты", - деп билдирди Маматов.

Маалым болгондой, буга чейин 20-июндагы соттук отурумга күбө катары чакырылган "Айгүн Иншаат" курулуш компаниясынын башчысы Айгүн Раюф, "Ала-Тоо", "Кайнар", "Барашек" ресторандарынын кожоюну Бакыт Ишенбек уулу жана Асел Алиева келбей, отурум кийинкиге калтырылган.

Эскерте кетсек, Сокулук-Кант унаа жолунда жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен 29 жаштагы жигит Абдыкалык Маматов майып болуп калганын айтып кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан