Аксы районунда жыл башынан бери 20 өрт кырсыгы катталып, 1 миллион сомдон ашуун зыян алып келген

Аксы районунда 2016-жылдын ичинде 20 өрт кырсыгы катталып, 1 миллион сомдон ашуун чыгым келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына Аксы райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Керим Саматов билдирди.

"Район боюнча 2016-жылдын ичинде 20 өрт кырсыгы катталды. Өткөн жылы бүгүнкү күнгө карата 18 кырсык катталган эле. Бул көрсөткүч, тилекке каршы, жарандардын этиятсыздыгынан көбөйдү. Биздин кызматкерлер атайын иш-чараларды өткөрүү менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдирди Саматов.

Аксы райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Керим Саматовдун маалыматына ылайык, 5 турак жай, 7 сарай, 2 жүк ташуучу автоунаа, 4 чөп таңгактары, 1 дүкөн, 1 откана күйүп кеткен. Тилсиз жоо 1 267 529 сом чыгым алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан