Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда 3 жаштагы бала унаада чыккан өрттөн улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 29-октябрь күнү болгон. Анда эки кичинекей бала автоунаанын салонунда ширеңке менен ойноп жатышкан учурда унаанын ичинде өрт чыккан. Бири сыртка чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми 3 жаштагы С.М. денесинен күйүк алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Денесинин 80-90 пайызы күйүп калгандыктан, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.