Алматыда полиция кызматкерлерин атып өлтүргөн террорчуну өлүм жазасына тартуу өкүмү чыкты

Казакстанда 10 адамды өлтүргөнгө күнөөлөнүп жаткан Руслан Кулекбаевди өлүм жазасына тартуу боюнча соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда казакстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Р.Кулекбаев ушул жылдын 18-июлунда Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнө, Салык департаментине жана Улуттук коопсуздук департаментине кол салып, ок чыгарган. Жыйынтыгында 10 адам каза тапкан. Каза тапкандардын арасында 8 полиция кызматкери болгон. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бул окуяны террордук акт деп атаган.

"Сот Р.Кулекбаевди өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, бирок өлтүрүлгөн адамдар туура эмес жолдо жүрүшкөнүн айткан. Ошондой эле ал соттогу акыркы сөзүндө бул аракети менен укук коргоо органдарынан мусулман бир туугандарын кысымга алгандыгы үчүн өчүн алганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 2003-жылы Казакстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Ал эми 2004-жылдын 1-январынан тарта өлүм жазасына альтернатива катары өмүр бою эркинен ажыратуу кирген. Ошол мезгилден тарта казак бийлиги камактагылардын бирөөсүн дагы өлүм жазасына тарткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tashi62
2016-11-02 15:35:26
Мыйзам күчтүү
+5
mishonia8077
2016-11-02 16:00:24
Биздикилерге акчадан ар жак бер жагына тыкса эле бошотуп же озулору аэропортко чейин узатып башка олкого качып кетегой дешмек.Казактардын бийлигине таазим.
+6
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-02 16:01:58
Тагдыр ушундай эми жараткан Алла акыреттеги азаптардан сактасын
+5
ainura220888
2016-11-02 16:42:09
Жакшына эле жигит экенго тынч иштеп окатын кылса болбойбу. Эми олот очот унутулат. Бироолорду сыздатбай. Аркы дуйнодо Алланын алдында жооп бересин эми.
-1
Rifle_I
2016-11-02 16:58:22
Радикалдуу ислам деген ушундай . Жакшы адамдардын башын айландырып бузат. Ошол себептен биздин Чубак ажы, Абдышүкүр аалымдарыбыз аман болсун. Элди түз жолго үндөп жатат.

7- кичирайонунда (пяточоктун үстүндө) курулуп жаткан шийиттер мечити эмне болду экен ?
+3
Muhtaruulu
2016-11-02 17:40:14
Rifle_I,Ал шийиттердин эмес, 7- аперлде каза тапкан шийиттердин мечити. Айырма бар, шийиттердин менен шейитте.
0
Aral87
2016-11-02 20:06:01
Биздин өлкөгө да ушундай закон киргизиш керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан