Чүй облусунун Жайыл районунан мыйзамсыз кийик аткан эки аңчы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жүргүзүлгөн рейддин алкагында Ак-Суу капчыгайынан кармалган аңчылардын кийик атууга тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Алар карышкыр жана чөө атууга уруксат берилген кагаздарын көрсөтүшкөн. Атылган кийиктер үчүн протокол толтурулду. Эки кийик атылып, 110 миң сом чыгым болгон. Жапайы жаратылышка чыгым келтиргени үчүн кармалган жарандардын ишин сотко өткөрүп берүүгө даярдык көрүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына ылайык, аңчылык кылып жүргөн Сокулук районунун жашоочусу 1958-жылы туулган Н.Б. аттуу тургун жана 1992-жылы туулган К.К. аттуу адам кармалган. Алардын жанынан баштыкка оролгон кийиктин жиликтенген 50 килограмм эти жана эки кийиктин башы табылган.