Малайзиядан Индонезияга бара жаткан кеме оодарылып, кеминде 20 адам каза болду

Малайзиядан Индонезияга бара жаткан кеме оодарылып, кеминде 20 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Индонезиядагы Батам аралынын жанында болгон. Курман болгондордон тышкары 34 адам дайынсыз жоголгон.

"Жергиликтүү Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришкендей, кемеде жалпысынан 93 адам болгон. Анын 38и куткарылган. Кырсыкка кабылган кеме Малайзиянын Жохор-Бару портунан Индонезияга бара жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, катуу шамалдан жана күчтүү толкундан улам кеме оодарылып кеткен. Укук коргоо органдары бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg.arts.
2016-11-02 15:48:40
Негизи ушул олкодо кырсык коп катталчуу болду. Кудай сактасын .
-4
Rifle_I
2016-11-02 16:01:04
Крейсер фильмди ким көрдү ? Жоголгондорду акула жеп салбады бекен ?
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан