Тоң районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 1-ноябрда саат 19:50 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунда болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыш тарапты көздөй баратып 46 жаштагы жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу каза болуп калган. Кийин айдоочу Төрт-Күл айылынан кармалган, ал 1990-жылы туулган А.К. экени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.