Түрк бийлиги билим берүү тармагында иштеген 103 кызматкерди камакка алды

Анкаранын Башкы прокуратурасы "оппозициячыл диний аалым Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар" деп билим берүү системинде иштеген 103 кызматкерди камакка алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, текшерүү өлкөнүн 16 провинциясында жүрүп, буга чейин 31 адам кармалган.

Айта кетсек, 2016-жылдын 16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Кагылышуу Анкара менен Стамбул шаарларында болгон. Маалыматтарга таянсак, анда 240 жаран каза болуп, 2 миңге жакын адам жарадар болгон. Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетин дин аалымы Фетхуллах Гүленге жүктөп келет. Ал төңкөрүшкө тиешеси жок экенин айткан. Төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Түркияда "Гүлендин уюмуна байланышы бар" деп 32 миңге жакын адам камакка алынса, 70 миңге жакын адам жумуштан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barakcha
2016-11-03 08:40:19
Тынччылык эле болсун!
+1
Nurkyz1977
2016-11-03 08:52:05
Жазыр эмес жазып деп ондоп койгула. Кудай сакта бул жакта ага тиешелуу Ататурк Алатоо университетине залакасы тийбейби? Балдарым окуп жатты эле,эне катары тынчсызданып жатам тынчтык эле болсун,эки доо кагышса ортодо бей ажал чымын олот кылбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан