Борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринен спирт ичимдигин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга А.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз жаран анын дүкөнүнөн баасы 1620 сомдук спирт ичимдигин уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.