Бишкекте аялы менен бараткан жаранды ур-тепкиге алып жаткан учурда бычактан жараат алган студенттин абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Мушташ учурунда 2000-жылы туулган А.У. аттуу бала бычактан бир нече жараат алып ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, учурда анын абалы туруктуу. Ал эми мушташтын башка катышуучулары боюнча иликтөө иштери улантылууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, окуя 18-октябрь күнү саат 13:00 чамасында Чүй-Абдрахманов көчөсүндө орун алган. Анда аялы менен бараткан жаран менен 10го жакын студент балдар пикир келишпестиктен улам мушташа кетишкен. Жыйынтыгында студент балдардын бири 2000-жылы туулган А.У. бычактан жараат алып, ооруканага жеткирилген. 23-октябрда бул кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган М.О. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Айрым маалыматтар боюнча, окуянын келип чыгышына студент балдардын бири аялы менен бараткан жаранды видеого тартканы себеп болгон. Ал эми кармалган жарандын мурда мал уурулук боюнча соттолгону жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экени айтылууда.