Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "54 жаштагы аялды сабаган" деп шектелүүдө

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "54 жаштагы аялды сабаган" деп шектелүүдө. Азырынча ал суракка чакырыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 1-ноябрь күнү саат 20:00 чамасында борбордогу Пишпек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында орун алган. Анда Жогорку Соттун Н.Молдобековага тиешелүү үйдү А.Динаркүл аттуу аялга бошотуп берүү чечимине макул болбогон Н.Молдобекова укук коргоочуга чалып, аны аталган дарекке чакырган.

"Аталган дарекке келген Т.Үмөталиева А.Динаркүл аттуу 54 жаштагы аялды сабап салган. Бул факт Ленин РИИБине каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Үмөталиева азырынча суракка чакырыла элек", - деп билдиришти шаардык милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
zaada
2016-11-03 13:24:43
Мына сага! Эркектер калып, аялдарга отту. Адамдарга ынсап берсин.
+9
Krai
2016-11-03 13:28:07
ХХХ бул укук когоочу эмес Беле же укук бузуучубу
+14
admin_portal
2016-11-03 13:55:45
Krai, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
-8
kubat_73
2016-11-03 13:28:40
Эл уктаса да Элебай байкем уктабайт дегендей эч качан ушул аял тынч журбойт.Укук коргоочу атына жамынып эми боксерша боло баштаганбы батыштын жашыл акчасына кооп кеткен экен го
+8
jumaijanym
2016-11-03 13:57:33
Алооо админдер жооп кутом ....
-3
admin_portal
2016-11-03 17:15:09
jumaijanym, сурооңузга купуя кат аркылуу жооп берилди.
0
mamatmusakuzuraziya
2016-11-03 14:02:04
Укук коргоочу укук бузуп.............уят
+3
dosym
2016-11-03 14:06:17
Бир бечаранын үйүн коргойм деп ушул ишке барган
-4
kubat_73
2016-11-03 15:37:30
dosym,Бечара дегенин Жогорку сотто иштесе укмуш го
-1
fanatka19
2016-11-03 14:31:03
Колунан келет деп эле ишенем.айланайыын жулкулдаган неме.
+2
batkendik.18
2016-11-03 15:17:20
Бул ежемдин урганын эми элесте берда тайсондой эле урса керек
+3
Zinazima
2016-11-03 16:02:28
Ушуга окшогондорду жок кылыш керек
+3
nurik_sadyrov
2016-11-03 16:04:47
Lol
+1
Santanna
2016-11-03 16:37:18
Бул эже чындыкты айтып келген эжелердин бири, урганга жеткирсе керекта тигиниси,айтышым нерв кетиргенден коро 1муш мн чыгарып алган жакшы,коруп билбегенден кийин ар созду айтып доорубогулочу.
-1
Mirzohidjon
2016-11-04 00:23:24
Кана жанагы Толекано опемиз???
0
KAPAGAT
2016-11-04 13:41:25
Расул Маматкуловго окшошкен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан