Исфанадагы унаа кырсыгынан 11 адам жаракат алды

Исфанадагы унаа кырсыгынан 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 11:30 чамасында Исфана шаарында МАN үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен 11 адам жаракат алып, анын ичинен 3 адам райондук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылды. Учурда унаанын цистернасынан төгүлгөн дизелдик күйүүчү майды тазалоо иштери жүрүп жатат", - дейт ӨКМнын басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев.

Айрым маалыматтар боюнча, кырсыктын айынан жол четиндеги бир канча унаа жабыркаган.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Исфанада күйүүчү май ташыган унаа кырсыктаганын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suluktu
2016-11-03 15:46:00
18 машине жабыркаптыр, кудай сакта
0
suluktinskiy
2016-11-03 16:07:58
тормозу кармабай калган дейтко, жол четиндеги коп унаалар жабыркаган бирок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан