Алайда 49 жаштагы аял баласынын үйлөнүү тоюнан кийин өзүнө бычак сайып, каза болду

Алайда 49 жаштагы аял баласынын үйлөнүү тоюнан кийин өзүнө бычак сайып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү болгон. Азырынча окуянын келип чыгуу себептери белгисиз.

"Баласын бир канча күн мурун эле үйлөнтүптүр. Ошол түнү келини ал жаткан бөлмөгө кирсе, бычак кармап отурган экен. Кийин ал кайнатасын чакырып келгиче көкүрөк тушуна бир жолу бычак сайып жиберген. Дароо ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти Ош ОИИБинен.

Айрым маалыматтар боюнча, 49 жаштагы Т.К. эки жыл мурун каза болгон баласынын күйүтүнөн чыга албай, "баламдын артынан өлүшүм керек" деп жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
novayariga
2016-11-03 22:44:09
Темасын окуп эле кашайган кредитке кетти менин оюм
+10
Adina9506
2016-11-03 23:34:22
Эх ата-эне учун ар бир баланын орду башка эчкимди мындай куйутко салбасын(((
0
Gema
2016-11-03 23:41:51
Байкуш аялдын ичинде бир нерсе бар болсо керек,'болбосо жан таттуу да соо адам андайга барбайт го..
+1
Azamat_15
2016-11-03 23:46:04
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
oscar
2016-11-03 23:54:03
Самурай го
-3
Ajibaeva2016
2016-11-04 00:48:29
Супер инфо теманы антип коюп куноону ал келинге оодарбасанар,негизи баласынын куйутунон экенго тобо кылдым
+8
novayariga
2016-11-04 00:51:20
Ajibaeva2016,туура айтасыз тема келинге шектене тургандай болуп калыптыр
-3
Kg.arts.
2016-11-04 02:52:33
Ajibaeva2016,. Акылы бар адам теманын жазылышынан келинден куноолобойт тоюнан кийин деп турат. Тойдон кийин болсо тойдон кийин дейт да. Концерттен кийин дейт беле.
+3
ainura220888
2016-11-04 01:05:10
Кредит алып той кылса элден акча тушбой калса керекда. Эрин уговорить этсе керек элден келет жаап салабыз кредити деп. Анан урушкан чыгаар.
+1
fair_play
2016-11-04 01:12:25
Айии укмуш тергоочу, жактоочу, айыптоочулар... Бизге карангы болгон сон, ар нерсе дей бербейличи туугандар!
+6
dina1983-19
2016-11-04 01:14:29
Куноолорун кудайым кечирсин жаткан жери жайлуу болсун
+1
elmurat.kg
2016-11-04 01:55:42
жанагы периште киносу барго ошого окшоп кетпесин
0
Firdaus-Muslim
2016-11-04 02:24:33
Астагфируллох. Жаман иш болуптур. Өзүнүн жанын кыюуу чоң күнөө. Кудайым күнөөсүн кечирсин.
+3
Ananai
2016-11-04 04:25:27
Озун озу олтуруу абдан чон куноо.Баарыбызды кудай сактасын.
+4
aiba_00
2016-11-04 08:41:02
Кара жолтой келин болуптур да киногудуай борлуп.
-6
alykul
2016-11-04 22:55:29
Э 2жыл мурун баласы каза болду деп турат го.
0
mishonia8077
2016-11-06 12:37:05
Билгендер болсо туурасын жазып койгулачы байкуш жаны келиндин куноосун котортпой жогорудагыларды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан