Өзгөндө 6 жашар баланын от менен болгон шоктугунан эки кабаттуу сарайдын чатыры жана 5 тонна чөп күйүп кетти

Өзгөн районунда 6 жашар баланын от менен болгон шоктугунан эки кабаттуу сарайдын чатыры жана 5 тонна чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылында болгон. Анда жыгач устундуу, темир жабылган, 80 чарчы метр эки кабаттуу сарайдын чатыры, 5 тонна чөп, 2 тонна көмүр, 1 тонна тезек, 2 баш кой, турак жайдын бөлмөсүнүн 77 чарчы метр жыгач шыбы, 1 терезе күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна 6 жашар баланын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pandora
2016-11-04 11:16:47
Кудай сакта
+3
Revolyutsiya
2016-11-04 11:38:15
Чопту кыргыздар жыйылган болсо скирд менен, же мынча машине чоп деп эсептешет эле го. Же мынча боо же тук (пресс) чоп деп. Тонна менен эсептеп жанылык киргизип жаткан жоксунарбы?..
+5
Gulim_zamujem
2016-11-04 11:49:02
Жакшы озу аман экен,койлорго жаман болуптурда тируу козу грил болуп!!!
+2
zhykyo
2016-11-04 12:02:53
Иши онолот чобу куйуп кетсе ошентип койчу беле
0
azamat.k
2016-11-04 14:18:58
zhykyo,ити чоп жесе иши онолот деп коёт
0
Shahro
2016-11-04 16:47:29
Ха ха итиме чоп берет окшойм эми.
+2
omka100514
2016-11-04 21:20:42
каап суук түшкөндө жаман болуптурго, өзүда баары кышка керектүүлөр экен эле
+2
dirol
2016-11-05 02:57:54
2тонна комур,1тонна тезек куйгончо эч ким корбоптурбу,чопко мейли сразу куйуп кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан