Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон аял Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон аял 1996-жылдан бери Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турган.
"Ал катуу баш оорусуна даттанып, анын апасы саат 05:00 чамасында "Тез жардам" кызматын чакырган. Үйүнө барган дарыгерлер аялга укол сайып кайтышкан. Арадан 30 мүнөт убакыт өтүп, аял айнектен секирип кеткен", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, бүгүн саат 06:03 чамасында 36 жаштагы аял 5-кичи райондогу №69-үйдөн кулап каза болгону айтылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон аялдын бутун темир түтүктөн чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.