Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү саат 01:00гө чейин жааган жамгырдын кесепетинен Каслук сайынан сел жүргөн.
"Натыйжада сел 1 турак үйдүн ичине, 5 турак үйдүн короолоруна кирген. Ошондой эле Кулунду-Раззаков каналынын 50 метр аралыгына сел калдыктары толуп калган. Кырсык катталган аймакка Баткен облустук жарандык коргонуу кызматы жана ӨКМнын облустук башкармалыгынын адистери кетишкен. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.