Индонезиянын Батам аралында кырсыкка кабылган кемеде каза болгондордун саны 36га жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Буга чейин 20 адам каза болгондугу тууралуу маалымат тараган. Белгилей кетсек, өткөн шаршемби күнү (26-октябрь) индонезиялык жумушчулар Малайзиядагы Жохор-Бару портунан үйүнө кайтып келе жатышканда кеме кырсыкка кабылган. Окуяга күбө болгондордун бири эки сааттык бийик толкундан кийин катуу жамгыр жаап, кемени башкаруу кыйын болуп калганын айтты. Кеменин ичинде жалпы 90дой жүргүнчү болгон, учурда алардын 34ү дайынсыз. Жоголгондорду издөө иштери жүрүп жатат. Азырынча окуянын чоо-жайын иликтөө уланууда.