Ала-Бука районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн чатырларын учурду

Ала-Бука районунда катталган катуу шамал турак үйлөрдүн чатырларын учурду. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, катуу шамал 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү саат 03:04 чамасында аталган райондун аймагында болгон.

"Катуу шамалдын кесепетинен Көк-Таш айыл аймагынын Көк-Таш, Өрүктү айылдарында жана 1-Май айыл аймагынын Кең-Колот айылында бир катар турак үйлөрдүн чатырындагы шиферлерди учуруп кеткен. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан шамалдын ылдамдыгы жана келтирилген чыгым такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2016-11-04 22:05:01
Алматыда да тун бою "Маскара" жел сокту.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан