Өлкө аймагындагы унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Атап айтсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-250-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-83-чакырымдарында, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында жана Сары-Мойнок, Сөөк ашууларында кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.