Төө-Ашуудагы тоннелде жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-ноябрь күнү саат 21:00 чамасында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа 3 жеңил унааны сүзүп токтогон. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы бир канча адам жабыркаган. Алар Жайыл райондук ооруканасына жеткирилишкен. Кырсыктын эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз.