Түркиянын түштүк-чыгышында жардыруу болуп, 8 адам каза тапты. Бул тууралуу түркиялык маалымат агенттиктери жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 4-ноябрь күнү Диярбакыр шаарында болгон. Анда жардыргыч зат катылган унаа жарылган. "Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 100дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алды. Каза болгондордун арасында эки полиция кызматкери бар", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми КРнын Тышкы иштер министрлиги жардыруунун натыйжасында каза болуп, жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди.