2006-жылдын 5-ноябрында Ирак мамлекетинин соту Саддам Хусейнди дарга асуу тууралуу чечим чыгарган. Иракты 24 жыл башкарган Саддам Хусейн 2006-жылы 30-декабрда Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылган. Ал “адамзатка каршы кылмыш жасады” деп айыпталган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Буга Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар себеп болгон.