Манас жана Кара-Буура райондорунда катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырларын учурду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 4-ноябрь күнү саат 04:00дөн 05:00гө чейин Манас районунун аймагында катуу шамал катталган. Анын натыйжасында:

- Үч-Коргон айыл аймагындагы Рахманбердиев атындагы орто мектептин 75 даана шифери жана 15 турак жайдын чатыры;

- Покровка айыл аймагында 6 турак жайдын чатыры;

- Май айыл аймагында 20 турак жайдын чатыры;

- Кыргызстан айыл аймагында 12 турак жайдын чатыры учкан.

Ал эми Кара-Буура районунда катталган катуу шамалдын кесепетинен:

- Аманбаев айыл аймагында электр чубалгылары үзүлгөн, 2 электр мамысы кулап, 8 турак үйдүн чатыры учкан;

- Ак-Чий айыл аймагында 10 турак үйдүн чатыры;

- Шекер айыл аймагында 2 турак үйдүн чатыры;

- Чолпонбай айыл аймагында 6 турак үйдүн чатыры учкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
eduardali
2016-11-06 11:41:10
Аллах бөөдө кырсыктан сактай көр кыргыз элибизди.
+2
dina1983-19
2016-11-06 15:32:05
Ошончолук катуу шамал болгонбу же сүрөттө көрүнүп тургандай строй материялдарды экономдоп кытайский (арзан) түрүн колдонушканбы.
0
Shahro
2016-11-06 17:12:20
Дина 1983 ал дагы болсо жокчулуктун айынан ошондой арзан болсо да чатырын жапканда.кемсинткениниз жарабайт го катту шамал болсо алтындан кылсаныз дагы учуруп кетет жараткан озу сактасын
+2
Nazar.arapbaev
2016-11-06 18:57:20
арзан матеиял болсода таларка жооп бергендей кылыш керек, эптеп эле устуно койуп койбой
+2
Balshi
2016-11-06 21:41:04
Чынында каттуу шамал болду. Илгерки салынган дарбазалар кулап калды. Тунку 2лер чамасында башталган кудайлап уктабай чыктык.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан